Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Олимпиада жаңылыктары


Афинадагы төрт күнкү мелдештердин жыйынтыгында жеңип алынган медалдардын саны боюнча көч башында мурдагыдай эле Кытай келе жатат. Кытайдын 18, анын ичинде 10 алтын, 6 күмүш, 2 коло медалы бар. Ал эми экинчи орунга АКШ чыкты. Америкалыктар жалпысынан 19: 6 алтын, 7 күмүш, 6 коло медалга ээ. Үчүнчү орунда Австралия, төртүнчүдө Жапония турат. Бүгүнкүгө карата бешинчи жана алтынчы орундарды Украина менен Орусия ээледи. Кечээ Орусиянын аял гимнастчылар командасы коло, АКШныкы күмүш медалга татыктуу болду. Ал эми алтынды Румыниянын командасы алды.

Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандыктардан кечээ бокчу Айбек Абдимомунов алгачкы оюнунда пакистандык бокчу менен беттешип, утулуп калды. Ошентип кыргызстандык бокчулардын экөөсү тең кийинки айлапмага өтө алган жок. Кечээ кыргызстандык дзюдочу Эркин Ибрагимов да алгачкы мелдешке чыгып, бирок ийгилик жарата албады.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган – Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG