Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Моктада ас-Садр Нажафка келген делегация менен жолугуудан баш тартты


Ирактык саясий жана диний ишмерлердин делегациясы Нажафка америкалык, ирактык аскерлердин жана шийит согушкерлеринин урушун токтотуу үчүн ас-Садр менен сүйлөшүү максатында кечээ келген.
Садрдын өкүлдөрү анын жолугушуудан баш тартышын америкалыктардын чабуулу уланып жатканы менен түшүндүрдү.
Ал эми Багдадда бүгүн улуттук коференциянын иши улантылат. Ага чогулган 1000ден ашуун делегат Ирактын утумдук өкмөтүнүн ишине көзөмөл салуучу орган – 100 адамдан турган Улуттук кеңешти шайлашы керек. Кечээ пикир-келишпестиктерден улам добуш берүү бүгүнкүгө калтырылган.

XS
SM
MD
LG