Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Кыргызстан менен Өзбекстан газ боюнча макулдашууга даярданууда


БИШКЕК. Кыргызстан менен Өзбекстандын газ тармактарынын ортосунда келерки жыл үчүн макулдашууга август айында кол коюлушу күтүлүүдө. Бул маселени жакында Ташкенге барган «Кыргызгаз» акционердик коомунун башкармасы Автандил Сыдыков талкуулап кайтты. Кыргызстан газдын акысын акчалай жана товар түрүндө теңме-тең төлөп берүү сунушун билдирип жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт жыйынында ишкана башчысынын орун басары Кубанычбек Жусупов билдирди. Анын айтымында, газ үчүн Кыргызстандын акчалай карызы жок, ал эми товар түрүндөгү карызынын өлчөмү 7 миллион доллар. Ушул эле жыйында Кубанычбек Жусуповдун айтымында, Кыргызстанда газдын баасы быйыл 3%ке кымбаттады, келерки жылы баа 5% га кымбатташы күтүлүүдө. Бул дүйнөлүк рыноктогу жагдай менен байланыштуу.

XS
SM
MD
LG