Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭНЕРГЕТИКАСЫНЫН ЭРТЕҢИНЕ ЖОЛ АЧЫЛДЫБЫ?


20-августта Кыргыз өкмөтү менен Орусиянын бирдиктүү электр станциялар акционердик коомунун ортосунда Камбарата-1 жана эки ГЭСтерин биргелешип куруу жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Эки тарап өкүлдөрүнүн баасы боюнча муну менен Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстарын иштетүүнүн жаңы баскычына жол ачылды. Долбоор ишке качан жана кантип ашат?

Бул күнү Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда Камбарата-1 жана эки ГЭСтерин куруу долбоорун даярдоо жана аны ишке ашыруу меморандумунан тышкары «Шериктештикти түзүү» жөнүндөгү келишимге да кол коюлду. Орусиянын башкы энергетиги Анатолий Чубайс менен кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаевдин баасы боюнча муну менен эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташуусунун экинчи баскычтагы жаңы доору башталды. Буга бир жылдык талкуу жана Кыргызстандан Орусияга электр энергиясын экспорттоонун биринчи баскычы нук салды. Эмки аракет да жемиштүү болот деген ишенимин Анатолий Чубайс төмөнкүчө билдирди:

- Биринчи баскычты басып өттүк. Ушинтип иштесе боло тургандыгына ишендик. Электр энергиясын ташуу жана финансылык жумуштарды туура жасоо маселелеринин баарын чече алдык. Демек, алдыга жылууга болот.

Ал эми кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев тарыхый бул долбоорду ишке ашырууга Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурсу өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи:

- Биздин мамлекет жана анын экономикасы үчүн бул өтө маанилүү документ.Тилекке каршы, бизде мунай менен газдын кендери аз. Бирок, биздин гидроресурс деген чоң байлыгыбыз бар. Анын запасынын биз болгону 7 гана процентин пайдаланып жатабыз.

Танаевдин айтымында, болочок ГЭСтер иштесе жылына 2 миллион киловатт саатка чейинки прордукциясын ала турган Тажикстандай кардар бар.

Кыргызстан менен Орусия кабыл алган макулдашуулардын негизинде эми жылдын 30-ноябрында Камбарата-1 жана эки ГЭСтерин куруу иштеринде кызматташуунун негизги жана ар тараптуу келишимге кол коюлат.Келишим долбоорун шериктештик топ даярдап, электр станцияларды куруунун техникалык экономикалык негиздеринин долбоорун да талкууга коет. Анын негизинде каржылоо булагы, долбоорду кандай ишкана, кандай негизде ишке ашыраары жана тараптардын милдеттенмелери такталат. Кыргызстандын Улуттук электр станциялар ишканасынын башчысы Сагынбек Дордоевдин билдирүүсү боюнча, ал ГЭСтерди куруунун техникалык-экономикалык негиздерине таянып кабылданчу келишимде так көрсөтүлөт:

- Ушул жылдын аягына чейин келишимге кол коюлат. Ошол келишимде уюштуруу форма, үлүшкө кирген тараптар кандай болору жазылат. Азырынча так айтуу мүмкүн эмес. Балким, биргелешкен ишкана же акционердик коом түзүлүшү мүмкүн. Ага Орусия, Кыргызстандан тышкары башка мамлекеттер кошулушу мүмкүн.

Адистердин баамында азыр совет доорунда башталган Камбарата-2 ГЭСинин курулушунун азыр 30-40-проценти бүткөн. Курулушту Кыргызстан өз күчү менен 2007-жылга чейин толук бүтөйүн деген ниетте турат. Бирок, Камбарата-2 ГЭСи кошо бүткөрүлмөйүн биринчи ГЭС сууну толук пайдаланууга шарт түзө албайт. Ошондуктан, эки тарап колдо турган суу байлыгын пайдага иштетүү келечегине бекем ишенимде. Адистердин эсеби боюнча, эки станция ишке киришсе жылына 6 миллиард 700 миллион киловатт саат электр энергиясын иштетип чыга алат. Натыйжада, Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмү 40 процентке жогорулап, региондун электр энергияга болгон муктаждыгы толук камсыздалат жана башка региондорго экспорттун көлөмү өсөт. Орусиянын башкы энергетиги Анатолий Чубайстын алдын-ала эсептөөлөрдүн негизинде берген баасы боюнча тараптар курулушка ири каражат сарптоого милдеттүү:

- Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, биринчи станциянын кубаттуулугу 400 мегаватт, экинчисиники 1 миң 200 мегаватт деп эсептелип жатат. Эгер көрсөткүчтөр ушул бойдон кала турган болсо, анда станциялардын долбоордогу кубаттуулукта иштөөсү үчүн, менин оюмча, 2 миллиард доллар сарптоо зарыл. Албетте, бул күзүндө кабылдана турган келишимде такталат. Ал эми каржылоо кредит жана өзүбүздүн инвестициябыздын эсебинен болот деп жатабыз.

Кыргызстан менен Орусия кабыл алган меморандумда Камбарата-1 жана эки ГЭСтерин курууга катышам деген тараптарга эшик ачык деп жазылды. Кыргызстандын Улуттук электр станциялар ишканасынын башчысы Сагынбек Дордоевдин билдирүүсү боюнча, Казакстан курулушту колдоп жатат. Ал эми Өзбекстандын ниети азырынча белгисиз:

- Казакстан Камбаратанын курулушун колдойт. Кандай формада катышаарын же кошо турган үлүшүн азырынча так айтуу мүмкүн эмес.Өзбекстан болсо өз ниетин билдире элек.

XS
SM
MD
LG