Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:11

22-августка аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 22-августта күндүз Чүй, Ысыккөл облустарынын көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаайт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ТАЛАС облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында +15…+20, күндүз +27…+32 градус ысык.
Ал эми ЫСЫККӨЛ, НАРЫН аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23 градус жылуу.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31 градус.
БИШКЕКТЕ күндүз кыска мөөнөттө жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +27….+29 градус жылуу болот.


Жаңылыктар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

XS
SM
MD
LG