Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:47

Бийлик саясий куугунтукка кабылгандарды коргоого алаарын айтууда


БИШКЕК. Кыргызстанда саясий, диний ишенимдери, социалдык жана улуттук белгилери боюнча куугунтукка кабылган адамдардын укугун коргоо бекемделет. Ага негиз берген жардыкка президент кол койгондугун президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал маалыматка караганда саясий куугунтукка кабылган адамдарга ар кандай социалдык жеңилдиктер берилет. Бирок алар Башкы прокуратурадан саясий куугунтукка чындап кабылгандыгын тастыктаган тил кат алууга милдеттүү. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин жеңилдиктерди берүү бөлүмүнүн башчысы Тамара Сакееванын билдирүүсү боюнча, азыр өлкөдө мындай жеңилдиктерди алган 1038 адам бар. Алардын баары совет доорунда репрессияга кабылган адамдардын жакындары. Ал эми кийинки учурда диний жана саясий көз карашы үчүн куугунтукталган деп канча адам таанылганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG