Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Курманжан датка тууралуу китеп кытай тилинде жарык көрдү


БИШКЕК. Курманжан датканын өмүр жолун жана ишмердүүлүгүн чагылдырган “Тоо ханышасы Курманжан жана анын мезгили” аттуу китеп кытай тилинде жарык көрдү. Китепти Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилигинин мурдагы катчысы Чен Цзе Цзюнь кытай тилине которгон. Бул тууралуу Курманжан датка кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошева бүгүн “АКИпресс” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Москвалык жаш кинорежиссер Нурбек Эгенге Курманжан датка тууралуу тарыхый кино тартуу сунушталган. Ошондой эле Бишкек шаарынын Пушкин жана Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишине Курманжан датканын эстелиги 30-августа тургузулат.

XS
SM
MD
LG