Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:08

26-августта аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда, 26-августта республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ТАЛАС өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +29…+34 градус ысык.
НАРЫНДА +8…+13, күндүз +23…+28 градус.
ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27.
Кечээ Ысыккөл суусунун жылуулугу +22 градусту түздү.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32 градус.
БИШКЕКТЕ күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +29…+31 градус.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарларчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG