Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Жапон тышкы иштер министри келет


БИШКЕК. 30-августта эки күндүк расмий сапар менен Кыргызстанга Жапониянын тышкы иштер министри Йорико Кавагучи келери болжолдонуп жатат. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Йорико Кавагучи иш сапарынын учурунда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов баш болгон мамлекеттик расмий жетекчилер менен жолугушуп, кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык өңүттөрүн талкуулашат. Япониянын тышкы иштер министри Кыргызстанга Борбор Азия жана Монголия мамлекеттерине таанышуу сапарынын алкагында Тажикстан аркылуу келери күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG