Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Ооганстанда бир нече жардыруу катталды


Америкалык аскерлер маалымдагандай, кечээ кечинде Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Пактия вилайетинде мектептин жанында болгон жардыруудан кеминде 10 киши мерт кетти. Армиянын басма сөз өкүлү Энн Беннет ырастагандай, өлгөндөрдүн арасында 4 бала, 5 өспүрүм жана бир чоң киши бар. “Жардыруу эмнеден келип чыкканы азырынча белгисиз. Биз жергиликтүү бийликтерге тергөө жүргүзүүдө жардам берүүдөбүз”, - деди Беннет айым.

Бүгүн болсо Кабулда ири жардыруу болду. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат түшө элек.

XS
SM
MD
LG