Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Пенза обласынын губернатору Бишкекте


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Орусиянын Пенза обласынын губернатору Василий Бочкарев баштаган расмий делегация иш сапар менен келди. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, орусиялык делегация өкмөт башчы Николай Танаев жана башка өкмөт мүчөлөрү менен жолугушат. Жолугушуу учурунда эки тараптуу экономикалык, маданий байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланат. Ошондой эле орусиялык делегация Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 13-жылдыгын майрамдоо иш чараларына катышат.

XS
SM
MD
LG