Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Чехиянын президенти келет


БИШКЕК. Ушул айдын 11-12синде Кыргызстанга Чехиянын президенти Вацлав Клаус расмий визит менен келет. Мындай маалымат бүгүн тышкы иштер министрлигинин Европа жана АКШ башкармалыгынан алынды. Маалыматка караганда, Вацлав Клаус Кыргызстанга Борбор Азия регионун кыдыруусунун алкагында келип, президент Аскар Акаев, өкмөт башчы Николай Танаев жана Жогорку Кеңештин кош палатасынын спикерлери менен жолугушат. Анда эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык жана башка байланыштарды өркүндөтүү маселеси талкууланат. Визиттин жыйынтыгы катары биргелешкен билдирүү кабыл алынат деп болжолдонууда. Чехиянын президенти визит маалында Ысыккөлгө да барып, облустун туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышат. Ал эми 10-сентябрда Чехиянын 28 ишкеринин катышуусу менен Бишкекте бизнес форум болот. Анда эки өлкөнүн ишкерлери бул тармакта кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкууга алышат. Алар Бишкек эркин экономикалык аймагына, «Вимм-Билдан» ишканасына барып, бул ишканалар менен өз ара байланыш жолдорун аныкташат.

XS
SM
MD
LG