Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Кадамжай комбинатынын сатылышына жумушчулар каршы


БИШКЕК. Кыргызстандагы ири ишканалардын бири Кадамжай сымап комбинатын сатуу жараянын көзөмөлдөөнү суранган катты ишкананын 350 кызматкери Президенттин, Премьер-министрдин жана Жогорку Кеңештин наамына жолдоду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Закир Шарапов билдирди.

«Кадамжай сымап комбинаты» акционердик коомунун мамлекеттик акциясын сатуу боюнча комиссия түзүү тууралуу буйрукту кыргыз өкмөтү 5-августта чыгарган. Ушул буйруктун негизинде түзүлгөн тендердик комиссия ишкананын мүмкүнчүлүгүн жана сатып алуучуну бир ай ичинде аныктоо бүтүмүнө келген. Ал эми кат ээлери болсо кубаттуу жабдууга ээ сымап комбинатынын менчигиндеги обьектилерди бир ай ичинде аныктап чыгуу мүмкүн эмес деп эсептеп, кызыкдар тараптар ишкананы жең ичинен соодалоо максатында атайын шашылыш иш чара уюштуруп жатат деп баалашкан.

Депутат Шарапов болсо кызыкдар тараптын бири катары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетти атады.

Кадамжай комбинаты 2001-жылдан бери «Кыргызалтын» мамлекеттик акционердик коомунун тутумунда турат. Мамлекеттин карамагында ишкананын 70% акциясы бар.

XS
SM
MD
LG