Дүйнөнүн ар башка мамлекеттери Түндүк Осетиядагы кайгылуу окуялардан улам көңүл айтып, барымтачыларды айыптаган билдирүүлөр жасашууда. Ирандын президенти Мохаммад Хатами президент Путиндин наамына жөнөткөн катында Бесландагы барымтачылардын аракетин "адамгерчиликти тааныбаган" террордук акт атады. Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх Орусиялык аскерлердин барымтадагыларды бошотуу аракеттерин колдоду. Кытайдын тышкы иштер министрлиги да Орусиянын барымта кризисинен чыгуу иш-чараларын кубаттады. Европа Биримдиги Москваны барымтага кабылгандардын жана курмандыктардын санын ачык айтууга үндөдү.