Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Бейөкмөт уюмдардын абалы


БИШКЕК. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү иштебейт жана алар чет элдик гранттарга жана финансылык колдоолорго көз каранды. Мындай маалыматты «Кабар» агенттиги таратты. Маалыматка караганда, бул тууралуу калктын жакыр катмарынын укугун коргоо үчүн түзүлгөн бейөкмөт уюмдардын аракетин арттыруу долбоорунун жетекчиси Ырысбек Маленов билдирген. Ырысбек Маленовдун айтымында, мындай бүтүм бейөкмөт уюмдардын муктаждыгын иликтөөдөн кийин пайда болду. Чет элдик гранттарга айрыкча айыл жериндеги бейөкмөт уюмдар муктаж жана алар өз максат, милдеттерин так аныктап, башка уюмдар менен кызматташуунун жолдорун билишпейт. Ушундан улам 2003-жылдын июль айына карата расмий каттоодон өткөн 3 миң бейөкмөт уюмдун 500гө жакыны гана иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG