Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Ысыккөлдүк айдоочулар нааразылык акциясына чыгышты


КАРАКОЛ. 6-сентябрда Ысыккөлдөгү чакан автобус айдоочулары нааразылык акциясына чыгып, губернаторго арыз кат жолдошту. Нааразычылык акциясына Каракол, Чолпоната, Балыкчы шаарларындагы, Тоң районундагы Бөкөмбаев жана Жетиөгүз районундагы Кызылсуу айылдарынын Каракол-Бишкек, Чолпоната-Бишкек, Балыкчы-Бишкек каттамдары боюнча түзүлгөн фирмалардын айдоочулары чыгышты. Алардын айткандарына караганда, ар бир фирмада жүздөн ашуун айдоочу иштейт. Арыз кат ээлеринин пикиринде облустук транспорт инспекциясы жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча тендерди облустун аймагында гана өткөрүү укуктуу. Бирок аталган инспекция бул мыйзамга каршы иш аткарды, тендер көз боёмочулук менен өттү деп билдиришти айдоочулар. Алардын айтымында, жергиликтүү айдоочулардын суроо-талаптары эске алынбай, укуктары тебеленди, ага тендерде бишкектик айдоочулар утуп кетишкендиги мисал.

"Бул тууралуу республиканын Транспорт жана байланыш министрине кайрылганбыз, эми облус губернаторуна кайрылууга аргасыз болдук" дешти арыз кат ээлери. Токон Шайлиева айдоочулардын сууроо-талаптарын чукул арада чечүүгө сөз берди.

XS
SM
MD
LG