БИШКЕК. Бүгүн «Ысыккөл» мейманканасында Эл аралык республикалык институт тарабынан партиялык түзүлүшкө байланыштуу семинар өткөрүлө баштады. Ага 15 саясий партиянын өкүлдөрү катышууда. Аларга Москвадан келген эксперт партияны өнүктүрүүнүн жол-жоболору тууралуу сабак берүүдө. Семинар шейшемби күнү соңуна чыгат.