Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Кыргыз-немис өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму өттү


БИШКЕК. Бүгүн тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандагы немистердин ишине байланыштуу кыргыз-немис өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болду. Анын жыйынтыгында коммюникеге кол коюлду. Ага ылайык Германия Кыргызстандагы немистерди колдоо долбоорлору аркылуу 500 миң евро, ал эми Германиянын тышкы экономикалык байланыштар министрлиги аркылуу Кыргызстанга 20 миллион евро бөлөт. Кыргыз тараптан комиссияны тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков, экинчи тараптан Германиянын федералдык ички иштер министрлигинин өкүлү Клаус Пеле жетектеди.

Бул тууралуу Кыргызстандагы немис диаспорасынын лидери, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Валерий Диль билдирди. Анын маалыматы боюнча, азыркы кезде Кыргызстанда немис улутундагы 15 миң атуул калды. Быйылкы жылы Германияга кетүүгө бир миң киши арыз берди.

XS
SM
MD
LG