Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Казакстанда коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө


Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин бүгүн билдиргенине караганда, өлкөнүн коопсуздугун күчөтүү үчүн кошумча чаралар көрүлүүгө тийиш жана мамлекеттик казынадан ага тийштүү каражат бөлүнөт. Президенттин айтымында, чегараны кайтарууга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш, анткени экстремисттик уюмдарды негизинен өлкөгө мыйзамсыз келген мигранттар колдойт. 2004-2006-жылдарда Казакстан Орусиядан 20 аскерий жана транспорт тик учмаларын сатып алат. Назарбаев мындай чараларды Орусиядагы тергрордук чабуулдардан кийин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG