Маскөөнүн борборунда бүгүн террорчулукка каршы ири митинг өтүүгө тийиш, ага он миңдеген адам катышты.
Түндүк Осетиянын Беслан шаарындагы мектепти 1-сентябрда террорчулар басып алып, бир миңден ашык адамды эки жарым күн барымтада кармаган. Аларды куткаруу учурунда 3-сентябрда үч жүз отуздан ашык адам курман болду, өлгөндөрдүн жарымы мектеп окуучулары. Жүздөн ашык дененин ким экени эмгиче белгисиз.
Окуя боюнча ачык тергөө өткөрүүгө президент Владимир Путин каршы чыгып, жабык тергөө жүргүзүүгө буйрук берди. Александр Яковлев, Ирина Хакамада, Борис Немцов, Гарри Каспаров сыяктуу орус саясатчыларынын айтымында, Бесландагы
трагедияга Путиндин катаал саясаты себеп болду.