Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 16:54

С.Лавров Батыш мамлекеттери Москванын Чеченстандагы саясатына кийлигишпесин деп эскертти


Орусиянын тышкы иштер министри С.Лавров Батыш мамлекеттери Москванын Чеченстандагы саясатына кийлигишпесин деп эскертти. Лавров чечен жикчилеринин лидерлери менен сүйлөшүү өткөрүү жөнүндөгү сунуштарды четке кагып, аларга саясий башпаана берген өлкөлөрдү сындап өттү. "Биздин Чеченстандагы саясатыбызды кайра карап чыгууга үндөгөн Батыштык өнөктөштөргө Орусиянын ички иштерине тоскоолдук кылбоону кеңеш кылар элем. Алар чечен калкынын башына түшкөн мүшкүл үчүн жооптуу адамдарга башпаана берип, бут тосууда", - деди Сергей Лавров.

Ага удаа коргоо министри Сергей Иванов Орусия кайсы жерде болбосун террорчуларга каршы алдын-ала сокку ура аларын эскертти. Кечээ Түндүк Осетиянын өкмөтү Бесландагы барымта кризисине байланыштуу коомчулуктун кысымы алдында отставкага кеткен.

XS
SM
MD
LG