Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:08

Гансиде 11-сентябрдын курмандыктары эскерилди


БИШКЕК. 11-сентябрь күнү көптөгөн өлкөлөр АКШда 3 жыл мурда болгон террордук чабуулдардын курмандыктарын эскеришти. Ушундай эле иш-чаралар эл аралык антитеррордук коалициянын Ганси атындагы авиабазасында да өттү. Ага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу бүгүн Ганси авиабазасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаевдин айтымында, бул күнү өкмөт тарабынан 11-сентябрга байланыштуу иш-чаралар уюштурулбаганына карабай 3 жылдагы трагедиянын сабактары жалпы прогрессивдүү адамзаттын, анын ичинде кыргызстандыктардын да жүрөгүндө.

XS
SM
MD
LG