Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Дүйнөлүк соода борборунун ээси Сауд Арабиясын сотко берди


НЬЮ-ЙОРК. Дүйнөлүк Соода борборунун ээси – Нью Йорк порту 11-сентябрдагы террордук чабуулдарда тарткан чыгашасынын кенемтесин төлөп берүүнү талап кылып Сауд Арабиясын сотко берди. Борбордун имараттарына жасалган чабуулда порттун 84 кызматкери курман болгон. Порттун өкүлү жоопкерчиликти эмне себептен Сауд Арабиясына жүктөп жатканын түшүндүргөндөн баш тартты. Жакында Сауд Арабияны "Кантор Фицжеральд" деген компания сотко берген. Террордук чабуулда 650 кызматкеринен айрылган компания Сауд Арабиясынын бийликтерин "Ал-Каиданы" каржылаган" деп айыптады.

XS
SM
MD
LG