Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

БЕСЛАНДЫН 105 ТУРГУНУ ЭМГИЧЕ ДАЙЫНСЫЗ


Муса Мураталиев, Москва Жума күнү Беслан трагедиясын териштире турган ырасмий комиссия түзүлө турганы маалым болду. Буга дейре президент Владимир Путин аны иликтөө көмүскө жүргүзүлөт деп келаткан. Ишембиде Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов терорчулар базаларына озунуп сокку урушту Москва эч ким менен кеңешпей туруп өз алдынча чечет деп айтты. Ошол эле учурда Бесландагы барымтада жоголгон 105 кишинин дайыны эмдигиче билине элек.

Президент Путин өзүнүн жарлыгы менен Түндүк Осетиянын ички иштер министри Казбек Дзантиевди жана жумурияттагы федералдык коопсуздук кызматынын башкы жетекчиси Валерий Андреевди кызматынан бошотту.

Путин жума күнү өзүнүн Кремлдеги кеңсесинде жогорку палата төрагасы Сергей Мироновду кабыл алып олтуруп, элдин көзүнчө:

- Биз Бесландагы барымтага алууга байланышкан трагедиялык окуяларды толук, эч жаздымы жок билүүгө баарыбыз кызыктарбыз, - деди.

Сергей Миронов 20-сентябрда сенат алгачкы олтурумга чогулат, ошол жерде Беслан трагедиясын иликтей турган комиссия түзүлөт деди. Буга дейре өлкө жетекчилиги бул ишти текшерүүнү жабык өткөрүлөт деп келаткан.

Ишемби күнү Владикавказда өлкөнүн башкы прокуроруна орун басар Владимир Колесников журналисттер алдында барымтачылардан колго түшүрүлгөн куралдар туурасында айтты:

- Ар кыл түрдөгү 37 автомат, 3 пулемет, граната атуучу 5 курал, ал куралдар менен атылган 27 кур дүрмөт, 5 «Шмель» аталыштагы от жаадыргыч, 7 тапанча, 2000ден ашуун ок, 11 гранат, 6 жардыргыч түзүлүш жана дагы канчалаган курал жарак, ок-дары колго түшүрүлдү.

11–сентябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов андан мурда өлкөнүн куралдуу күчтөр башкы штабынын жетекчиси Юрий Балуевскийдин айтканын кайталап, терорчулар базаларына озунуп сокку урушту Москваө эч ким менен кеңешип этпей, өз алдынча чечмек болду деди. Министр озунуп сокку урууда Орусия колдо бар куралынын бардыгын колдоно ала тургандыгын, бир гана атомдук куралын колдонбошун эскертти.

Расмий жакты мындай таштап, кайра да Бесланда барымтага алууга кайтып келсек, «Эхо Москвы» үналгысы билдиргенге караганда:

-Бесландыктар эмдигиче 105 кишинин дайынын тапкан эмес. Ошол себептен алар кечөө башкы прокурордун орун басары Колесниковго арыз менен кайрылышты.

Бесландагы трагедиядан кийин эл арасында кандай кеп бар экендигин Бүткүл орусиялык коомдук пикирлерди иликтөө борборунун илимий кызматкери Леонид Седов «Азаттыктын» кабарчысына айтып берди:

- Күнөөнү терорчулар менен жикчилдерге жүктөгөндөр сурамжылоого алынгандардын 33 пайызын түздү, дал ошончо эле пайызы – ФСБ кызматын күнөөлөштү. Мындайча айтканда, бул жолу эл күнөөнү тандалган кызматтагылардын ишмердүүлүгүнөн көбүрөөк көрүп атышат.

XS
SM
MD
LG