Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:40

Алтай Бөрүбаев Монголияга кетти


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жетектеген парламенттик делегация Монголияга расмий сапар алды. Делегациянын курамында депутаттар Карганбек Самаков, Болот Шерниязов, Жеңишбек Эшенкулов, Муратбек Мукашев, Баяман Эркинбаев бар. Сапар учурунда делегация Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын алкагында жолугушууларга катышып, эки тараптуу кызматташтык мамилелерин талкуулашат.
Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын чакыруусу боюнча башталган сапар 19-сентябрда соңуна чыгат.

Монголия парламенттик делегациясы декабрь айында Кыргызстанга келип кеткен. Ал эми Монголиянын президенти Н.Багабади Кыргызстанга 1999-жылы, Кыргызстандын президенти А.Акаев Монголияда 1993, 2002-жылдары расмий сапарлар менен болушкан.

XS
SM
MD
LG