Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Иракта эки америкалык, бир британиялык уурдалды


Бүгүн эртең менен Иракта америкалык 2 жана британиялык 1 атуулду куралчан адамдар уурдап кетишти. Бул тууралуу маалымдаган Ирактын Ички иштер министрлиги алгач кармалгандардын баары Британиянын атуулдары экендигин айткан. Бирок кийинчерээк алардын экөөсү америкалыктар экендиги кабарланды. Аталган министрликтин өкүлү, полковник Аднан Абдель-Рахман уурдалган кишилер Багдаттын батыш бөлүгүндөгү ал-Мансур аттуу бай райондордун биринде турушкандыгын айтты.

Бир канча мүнөт мурдараак АКШнын да, Британиянын да Багдаттагы элчиликтери бул маалыматты тастыкташты. Көрсө, уурдалгандар Арап Эмираттарындагы курулуш компаниясынын кызматкерлери экен. Акыркы айларда Иракта 100дөн ашуун чет элдик атуулдар уурдалып, алардын ичинде 20дан көбү өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG