ОШ. 17-сентябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин ректорун шайлоо болуп өттү. Добуш берүүгө катышкан университеттин эмгек жамаатынын сексен пайыздан ашууну добуш берүүгө катышып, шайлоо болуп өттү деп эсептелди. Добуш берүүгө 1013 адам катышып, анын 981и буга чейин ректор болуп иштеп келген Бектемир Мурзубраимовго, жыйырма төртү ушул эле университеттин профессору Кадырбек Карабековго жана төрт добуш Жалалабаддагы Эл достугу университетинин проректору Жумабай Аденовго берилди. Төртүнчү бир талапкер Ош технологиялык университетинин проректору Биймырза Токторалиев шайлоо күнүнөн бир жума мурун өз талапкерлигин алып койгон. Болуп өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добушту алган Бектемир Мурзубраимов ректор болуп кайра шайланды.