Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

БЕСЛАНДАГЫ АЛААМАТТАН АМАН КАЛГАН МАЛИК КАЛЧАКЕЕВДИН АЙТКАНДАРЫ


Беслан шаарынын №1 орто мектептин окуучусу, Кыргызстандын атуулу Малик Калчакеев 1-сентябрда мектептеги башка жүздөгөн балдар сыяктуу эле террорчулардын тозогунда калды. Малик өзү бул окуяны көп эстегиси келбейт. Ушуга чейин бет кепчен барымтачылар анын көз алдында турат.

Малик башынан өткөн мыкаачылыкты, кантип террорчулардан кутулганы тууралуу айтып берди. Ошол каргашалуу 1-сентябрда быйыл август айында Ысыккөлдө эс алып жүрүп, түшкөн сүрөттөрүн досторуна көрсөтөйүн деп, 10до башталчу салтанатттуу жыйынга 9да эле шашып үйүнөн чыгып кеткен.

- Ысыккөлдө түшкөн сүрөттөрүмдү досторума, классташтарыма көрсөтөйүн деп Ото деген досум менен үйдөн эртең менен эрте эле мектепке кетип калгам.


Маликтин барымтадагы баштан кечирген окуялары жөнүндөгү андан аркы баяны мындайча болду :


... Мектептен досторума сүрөттөрүмдү көрсөтүп, арадан он мүнөт өткөндөн кийин эле маскачан бир адам чуркап келе жатканын байкап калдым. Бул бирөөнүн тамашасы экен деп ойлогом, бирок автоматтан ата баштаганда, жүрөгүм түшүп калды.

Алар бизге тамак-аш, суу бербей коюшту. Мен гүлдөрдүн куурап калган жалбырактарын уурдап жедим. Бурчка тыгылып отурсам, 3 ок так башымдын жанынан өттү. "Кудай!" деп эле отурдум.

Бир нерсе сурайын деп колумду көтөрсөм, террорчулардын жиндери келип, мага автомат такашты. Бир снайпердин башы таз, экинчиси маскачан, чачы узун экен. Кебетелери өтө коркунучтуу.

Биздин арабызда 26 эркек бар болчу, алар бириксе, террорчуларга кол сала алат болчу. Дал ошондон коркуп, террорчулар 26 эркекти алып чыгып кетти. Кийинчирээк алардын он беши гана келди, калгандарын атып салыптыр. Алар жасаган мыкаачылыктарын бизге көрсөтүп, коркутуп жатышты.

Биз отурган бөлмөдө миңдей киши бар болчу. Көбүнчөсү эле кичинекей балдар. Алар ыйласа, ачуулары келип, наристе балдардын баштарына автоматтарын такашып, абага ок ата башташты. Менин жаныман эки ок өттү. Баарыбыз тең кыйналып, ооздорубуз кургап кетти. Эсимде калганы, бир террорчу кишилерди аткан сайын бизге көрсөтүп турду.

Ал эми үчүнчү күнү мен досторум менен терезенин жанында отурганда, бир террорчу келип “түшкүлө, бул жерде отурбагыла” деп кыйкырды. Биз терезеден түшүп, басып бара жатканда жардыруу болду. Түтүн, эч нерсе көрүнбөйт. Жардыруудан кулагым тунуп, эч нерсе укпай, эмне кылаарымды билбей ошол жерде туруп калдым.

Досторум мага “качтык”деп кыйкырышты.

Экинчи жардыруу болду, ошондо “бул менин жалгыз мүмкүнчүлүгүм”деп ойлодум да, качып жөнөдүм.

Артта чуркап келе жаткан эки классташымды террорчулар автомат менен шатырата ата башташты. Октор жаныман учуп жатты. Ал эми Ото досум катуу жарадар болду. Ал азыр Москвада ооруканада жатат.

Жардыруу болгондо, мен ыргып кеттим. Артыман ысык аба өткөндөй болду. Жыгылганда мурдум менен жыгылыптырмын...


- Мектептен чыгаарым менен солдаттар, доктурлар чуркап келишип, суу, таттуу бере башташты. Суусаганымды айтпагыла. Ошол замат эле суу ичип ийип, кусуп жибердим. Доктурлар мага аз-аздан ичиш керек деп айтты, - деди Малик "Азаттык" үчүн курган маегинде.


Ал эми Маликтин азыркы ахыбалын сураганда, ал "мурдум сынды,тизем да жаракат алды. Колум азыр ириңдеп жатат. Жүрөгүм түшкөнүнөн түнүчүндө уктай албай кыйналып жатам. Көзүмө азыркыга чейин маскачан кишилер көрүнүп жатат" дейт.

Кудай жалгап, Маликтин карындашы Фатима ошол күнү мектепке барбай калган.

- Эгерде Фатима карындашым мектепке барса, экөөбүз тең чыгалбай калмакпыз, - дейт Малик.

Ал эми Маликтин апасы Флюра эже "азыркыга чейин ошол каардуу күндөр көз алдымда" деп айтты:

- Биздин башыбыздан өткөн кыйын учурду душманыма да каалабайм. Азыр деле Беслан шаарынын жарымы аза күтүүдө, бири-бирине өлгөнгө барып, 1-сентябрдан бери көз жаштары кургай элек.

Малик Калчакеевдин үй-бүлөөсү "каражат табылса эле, Бишкекке кайтып келебиз" деген пикирин билдиришти.


Сүрөттө: Бул бала да Малик менен бирге барымта кордугун көрүп, аман калган.

XS
SM
MD
LG