Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Бишкекте Эл аралык экинчи конгресс өтөт


БИШКЕК. 4-6-октябрь күндөрү Бишкекте «Түрк цивилизациясынын башка цивилизациялардын арасындагы орду жана ролу» деген темада конгресс өтөт. Бул - түрк цивилизациясынын эл аралык экинчи конгресси. Ал кыргыз-түрк «Манас» университетинин алдындагы түрк цивилизациясын изилдөө борбору тарабынан уюштурлууда. Конгрессте түрк цивилизациясын иликтөөнүн багыттарын аныктоо, анын дүйнөнүн башка цивилизацияларынын арасында ээлеген орду боюнча докладдар окулуп, талкуулар болот. Жыйынга дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнөн, алардын ичинде АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия, Жапония, Израил, Орусия, Түркия, Индия, Иран жана башка өлкөлөрдүн окумуштууларынын катышы күтүлүүдө. Биринчи Эл аралык конгресс «Түрк цивилизациясы үчүнчү миң жылдыктын босогосунда» аттуу тема менен 2003-жылдын октябрь айында өткөн.

XS
SM
MD
LG