Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Компартиянын жаңы лидери шайланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан коммунисттер партиясынын борбордук комитетинин пленуму болуп, андан партия лидерлигине Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бактыбек Бекбоев шайланды. Бул тууралуу партия мүчөсү, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, пленумда партия жетекчилигине Николай Байло менен Бактыбек Бекбоевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 30 добуш менен Бекбоев жеңишке жетишти. Ал эми Николай Байлого Борбордук комитеттин мүчөлөрүнүн 24 добуш берген. Пленумдун башында анын катышуучулары партиянын мурунку лидери Абсамат Масалиевди ордунан туруп, эскеришти.

XS
SM
MD
LG