Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Индонезиянын тарыхында алгачкы ирет тикелей президенттик шайлоо өттү


Индонезияда өлкөнүн тарыхында алгачкы ирет өткөн тикелей президенттик шайлоо соңуна чыкты. Бул жолку экинчи айлампада Индонезиянын азыркы президенти Мегавати Сукарнопутри менен мурдагы Коопсуздук министри, генерал Сусило Бамбанг Одхойоно атаандашты. Шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына ылайык экс-министр алда канча алдыда. Ал 58,6 % добуш топтой алды.

Ал эми анын атаандашы, буга чейинки президент Мегавати Сукарнопутриге 41,3 % шайлоочу добушун берген. Одхойоно буга чейин деле шайлоодо жеңишке жетем деп ишенгенин айткан эле.

Индонезиядагы шайлоонун ырасмий жыйынтыктары 5-октябрда маалым болот.

Бул жолку шайлоо өлкөнүн демократиялык өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү деп таанылууда, анткени добуш берүү жараяны 32 жыл бийликте турган диктатор Сухарто 1998-жылы кызматтан бошогондон кийин алгачкы ирет тикелей өттү.

XS
SM
MD
LG