Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

ГРУЗИЯ ӨЗ ЭЛИНЕ КАРШЫ СОГУШ АЧПАЙТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Түштүк Осетия менен Абхазия жаңжалын тынчтык жол менен жөнгө салууга ниеттүү экенин билдирди. 21-сентябрда Улуттар Уюмунун Башкы Aссамблеясында сүйлөгөн сөзүндө президент бул кризистик жагдайларды жөнгө салууда Россия менен кызматташа турганын кошумчалады.

Быйыл январда президент болуп шайланган Саакашвилинин бул - Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн алгачкы сөзү болду. Президенттин айтымында, ал козголоңчул жумурияттар Абхазия менен Түштүк Осетияны экономикалык жеңилдиктерди берүү жана орток ишенимге өбөлгө түзө турган чаралар аркылуу кайрадан Грузияга кошмокчу:

- Грузия бул жаңжалдарды тынчтык жолу менен жөнгө саларын ачык-айкын билдиргим келет. Биз талашты курал күчү менен жөнгө салгыбыз келбейт. Анткени демократиялык өлкө өз элине каршы согуш ача албайт.

Август айында Грузия менен Түштүк Осетиянын ортосунда зордукчул аракеттер тутанган чакта козголоңчул Түштүк Осетиянын лидерлери Саакашвили жумуриятты Грузияга күч менен кайра кайтарып алгысы келип жатат, деп чыгышкан.

Ал эми Грузиянын өкмөтү Түштүк Осетияны түштүк чөлкөмүндө калган бир ууч грузин калкын сүрүп чыгып, регионду грузиндерден биротоло тазалаганы жатат, деп айыптаган.

Саакашвили бул эки козголоңчул чөлкөмгө байланышкан жаңжалды баскычтуу түрдө жөнгө салууну, оболу жаңжал тутанган жерлерде жашаган калктын өз ара мамилесин чыңдап, журналисттер, студенттер, спортмендер менен өкмөттүк эмес уюмдардын кызматташуусун өрчүтүүнү сунуш кылган.

Ал эми борбордук өкмөт, президенттин ойунда, региондордо экономикалык программаларды ишке ашырат. Буга жооп иретинде регион жетекчилери куралдуу жаңжалдар учурунда жер которуп качкан жүзмиңдеген адамдардын үйлөрүнө кайтып, коопсуз жашоосуна шарт түзөт.

Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө президент Саакашвили, ошондой эле, региондорго абдан кеңири автономия кепилдене турганын кайталады:

- Бул улуттук тилдердин, маданияттын өнүгүүсүн, өзүн-өзү башкаруу менен фискалдык саясатты көзөмөлдөө укуктарын кепилдеген, борбордук бийликте кеңири өкүлчүлүккө ээ жана эң башкысы: жеке чечимдерди элдин атынан кабыл алган элитадан арыла ала турган автономия болот,- деп убада кылды президент.

Бирок Грузиянын курамындагы Абхазия менен Түштүк Осетияга байланышкан жаңжалдарды жөнгө салуунун ачкычы Россиянын колунда. Анткени козголоңчул региондор Россиянын тымызын жана ачык колдоосуна ээ. Быйыл Россия менен ич ара мамилесин бир топ оңоп алган Грузия автономдуу Ажарияны кайра өз көзөмөлүнө алды.

Бирок орус-грузин мамилелери бир топ жакшырганы менен президент Саакашвили Россиянын Абхазия менен Түштүк Осетияга колдоо көрсөтүп жатканына жана Грузиянын аймагында Россиянын аскердик базалары кала берип жатканына тынчсызданганын жашырган жок. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматашууну дагы да болсо өрчүтүү мүмкүн экенин белгилеген президент биргелешкен антитеррордук борбор түзүүнү сунуш кылды:

- Сепартизмдин кайсы түрү болбосун, ал Грозныйда, Сухумиде же Цхинвалиде болобу - Россия менен Грузиядагы абалды бейстабилдештирген фактор. Чечкиндүү кызматташуунун арты менен бул орток коркунучту жойсо болот деп ойлойм.

Ошону менен катар Саакашвили өз сөзүндө Грузия Улуттар Уюмунун Иракта иштеп жаткан кызматкерлерин коргоо үчүн Уюмдун куралдуу күчтөрүндөгү аскерлеринин санын көбөйтө турганын билдирди. Грузиянын Улуттар Уюмундагы өкүлчүлүгүнүн билдиргенине караганда, БУУдагы грузин аскерлеринин саны октябрь айында азыркы 159дан 300гө жеткирилет.

XS
SM
MD
LG