ОШ. Анда ушул жылдын 18-сентябрында Алайкуу-Каракулжа жолунда болуп өткөн жол кырсыгынын себептерин аныктоо боюнча өкмөттүк комиссиянын таркатып жаткан маалыматтары бир жактуу жана жапа чеккен атуулдардын кызыкчылыгын чагылдырбайт деп айтылат. Кайрылуунун авторлору өкмөттүк комиссия жол кырсыгынын себептерин каза болгон айдоочуларга гана жүктөй салып, жолдун буга чейинки авариялык абалына, көзөмөл жүргүзүүнүн начар болгондугуна маани бербей жатат деп жазышкан.
"Биз Алайкуу айыл өкмөтүнүн тургундары жол кырсыгынын биринчи себептери катары жолдун начар абалы, көзөмөлдүн начардыгы жана ага болгон кайдыгер мамиле себепчи болгондугун баса белгилейбиз. Кырсык үчүн тиешелүү бийлик өкүлдөрүнүн жооп берүүсүн талап кылабыз" деп айтылат кайрылууда.
Алайкуу айыл өкмөтү боюнча кайрылууга жалпысынан 162 адам кол койгон. Мындай маалымат бүгүн Алайкуу айыл кеңешинин депутаты Сатыбалды Кыдырмышовдон алынды.