Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

КАРЫШКЫРЛАР КЫРГЫЗСТАНГА 29 МИЛЛИОН СОМ ЗЫЯН КЕЛТИРГЕН


Султан Раев, Бишкек Акыркы жылдары Кыргызстандын тоолуу ай мактарында карышкырдын саны эбегейсиз кобойүп кеткен. Кыш мезгилинин келиши менен тоолуу аймактардын тургундарына бул коркунуч зор жоготууну алып келүүдө. Былтыркы жылдын маалыматы боюнча жырткыч айбанаттар 29 млн. сомдук зыян келитрип, элдин төрт тулук мал башын бир нече миңге азайткан. Карышкырлар менен күрөшүү элеттик фермерлердин негизги маселесине айланды.

Чындыгында эле тоолуу райондордо жашаган элдин тынчын алган бул маселе эң орчундуу көрүнүшкө айланды. Өлкөдөгү аңчылык башкы башкармасынын билдирүүсүнө караганда жырткыч айбандар элдин мал-мүлкүнө эбегейсиз зыян келтирип, анын көлөмү 29 миллион сомду түзгөн. Айрыкча бул маселе алыскы Чоңалай, Атбашы, Каракулжа, Алай, Чаткал, Алабука, Тяншань, Тогузторо райондорунда өтө курч турат. Мына ушул жагдай тууралуу өз оюн Атбашы районунун Акмуз айылынын тургуну Кулина Адамалиева:

- Атбашыда суук, кыштоолордо карышкыр көп болуп, малдарга тиет. Биз жалгыз мал менен жансактайбыз Нарын облусунда. Малдын көпчүлүгүн карышкырлар кырып салат. Каршыкыр боюнча жакшы көзөмөл болсо жакыш болот эле, - деди Кулина Адамалиева.

Кыштын келиши менен тоолуу аймактарды байырлаган карышкырлар мал жанга гана кол салбастан, кээде айылдарга кирип келип адамдардын өмүрүнө да коркунуч туудурууда. Өткөн жылы карышкырлардын кол салуусунан 9 киши каза тапкан. Бул көрүнүш акыркы кезде барган сайын тоолуу райондордун үшүн алып келет, бирок мамлекет тарабынан бул маселенин актуалдуулугуна маани берилбегендиктен улам, ал гана эмес айылдык мергенчилердин ок-дары-дармектеринин жоктугунан алыскы тоолуу аймактарда карышкырлардын тукуму эбегейсиз көбөйүп, алардын башкы адистердин айтууусуна карганда 20 миңден ашып кеткен. Бул жагдай өтө коркунуч туудуруп келгендигинен улам мергенчилерди кызыктыруу багытында өкмөт атайын токтом кабыл алып ар бир атылган карышкырдын башына төлөнүчү акчаны эки эсеге көбөйткөн. Бул кырдаал тууралуу Кыргыз Республикасынын токой кызматынын аңчылык боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орунбасары Алмаз Мусаев:

- Быйыл аңчылык боюнча сезон ачылган. Негизинен карышкырлар менен күрөшүүнү жайында токтотконсуп калабыз. Булар талаадагы кармап жеген тамак-ашы кеңири болгондуктан, ушул убакта малдарга, чабандарга кол салышы азайып калат. Ушул күнгө чейин 247 эркек карышкыр, 128 ургаачы карышкыр, 44 бөлтүрүк, 236 чөө атылды. Былтыркы мезгилге эсептегенде келтирген зыяны боюнча желген малдардын, уйдун, койдун этин килограммын чыгарып эсептегенде 29 млн. сом болгон, - деди Алмаз Мусаев.

Азыркы күндө өлкөнүн аймактарында 52 аңчы-мергенчилердин такай бригадалары уюшулган. Бирок, мунун өзү да жетишсиз экендигин турмуш ырастап келет дейт адисттер. Кыш айларынын жакындап калганына карабастан, алыскы райондордогу аңчы-мергенчилерди ок дары менен камсыз кылуу тийиштүү көлөмдө аткарылган эмес деп баалашат байкоочулар. Өткөн жылы 400 жакын карышкырдын атылганына карбастан, 30 миллионго жакын чыгым тартылган. Мунун өзү малдан башка мүлкү жок карапайым адамдарга зор жоготууну алып келүүдө дейт адисттер.

XS
SM
MD
LG