Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

“Фергана өрөөнүндө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн мамлекеттик жана коомдук уюмдардын милдеттери” тегерек үстөл жыйында такталды


ЖАЛАЛАБАД. Жыйында Фергана өрөөнүндө коопсуздукту камсыз кылуу проблемалары арбын экендиги айтылды. Ал маселелерге эл аралык терроризм, улут аралык мамиле, диний экстремизм, адам аткезчилиги, жасалма паспорт жасоо, баңгизат соодасы, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларынын такталбагандыгы, ал жерлердеги мыйзамсыздыктарды кошууга болот. Диний экстремизм менен күрөшүүдө коомчулук кайдыгер абалда турат. 2001-2002-жылдары АКШнын "Детроит" аэропортунда, Сирияда жалалабаддык эки атуулдун наамына жазылган кыргыз паспорту менен жүргөн адамдар кармалган. Арстанбап айылында 2002-жылы куралдын көп түрлөрү бар үңкүр табылган. Жыйында жогорудагыдай проблемаларды талкуулоого жана чечүүгө мындан ары Өзбекстандын коңшу облустарынын да кызматтарын чакыруу сунушу айтылды.

XS
SM
MD
LG