Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Ири шаарлардын абасы бузулуп баратат


БИШКЕК. Өткөн айда Бишкек, Карабалта, Токмок жана Чолпоната шаарларынын абасы мурдагыга салыштырмалуу булганч болду. Мындай маалыматты Күтүүсүз кырдаалдар жана экология министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Ал кабарга караганда, өлкөнүн гидрометеорлогиялык борборунун айлана-чөйрөнүн булгануусу менен радиоактивдүүлүктү текшерген башкармалыгы мына ушундай бүтүмгө келген. Маселен, Бишкектин Жибек жолу, Ибраимов, Манас, Москва көчөлөрү кесилишкен аймактагы аба формальдегид менен булганган. Борбордо андан тышкары күкүрттүн, азоттун диоксидинин,азоттун, аммиактын абада көбөйгөнү байкалган. Аламүдүн, Аларча сууларында болсо азоттун нитрити, ал эми Чүй каналында жез менен цинктин көп экендиги аныкталган. Ушундан улам автомашиналардын экологиялык абалын көзөмөлдөөнү күчөтүү маселеси көтөрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG