Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Нарын шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун «Миң жылдык максаттар» деген аталыштагы фестивалы өттү


НАРЫН. Фестиваль БУУнун миң жылдагы эне менен баланы, экологияны коргоо, СПИДге, маңзаттарды колдонууга, терроризмге каршы багытталган жана башка сегиз максаттына арналып өткөрүлдү. Салтанаттын жүрүшүндө Нарын шаарынын Теңиртоо аянтына сегиз теректин көчөтү тигилип, терс көрүнүштөргө каршы "Алатоо жазы" студенттик фестивалынын жеңүүчүлөрүнүн концерти болду. Жергиликтүү жаштар театрлаштырылган оюн-зоок тартуулашты.

Фестивалды өкмөттүн алдындагы Спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча комитети, облустук жаштар комитети, ПРООН жана Кыргызстандагы Америка университети биргелешип уюштурган. Ага аталган университеттин студенттери, Нарын облусунун жаштары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG