Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Акыйкат башкаруу кеңеши жыйын курду


БИШКЕК. Бүгүн акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин жыйыны болду. Премьер-министр Николай Танаевдин төрагалыгы астында өткөн жыйында үч маселе - ушул жылдын жарымына чейин ишке ашыруу белгиленген иш-чаралардын аткарылышы, экинчи жарым жылдыкта бүткөрүлө турган милдеттер жана акыйкат башкаруу менен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эксперттик топтун сунуштары талкууланды. Ысыккөл облусунун губернатоору Токон Шайлиева борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара аракетинин натыйжасы, комиссиянын мүчөсү Алина Сагинбаева массалык маалымат каражаттары менен мамилени өркүндөтүү аракети тууралуу маалымат беришти.

Контрабандага каршы күрөш тууралуу маалымат берген Каржы министринин орун басары Замир Малабеков мыйзамсыз товар жүгүртүүгө көзөмөл күчөтүлгөндүктөн бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каражат көбөйгөндүгүн, бирок дары сатуудан кошумча нарк салыгын алуу жоюлган менен киреше түшпөй жаткандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG