Бул тууралуу Орусиянын Федералдык космос агенттиги маалымдады. 11-октябрга белгиленген космостук экспедиция "Союз-ТМА-4" кемесин сыноо учурунда байкалган айрым техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кечиктирилмекчи. Эл аралык 10-экспедицияны теги кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов башкарат. Курамына америкалык жана орусиялык эки космонавт кирген бул команда космостогу 9-экспедицияны алмаштырат.