Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Таласта көз карандысыз байкоочулар даярдалууда


ТАЛАС. "Демократия жана атуулдук коом" үчүн коалициясынын Талас аймактык өкүлчүлүгүнөн 29-сентябрь күнү алынган маалыматка караганда, 10-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун калыс жана адилет өтүшүнө көз салуу үчүн 200 байкоочу даярдалууда. Семинарлар жер-жерлерде өткөрүлүп жатат. Коалиция тарабынан шайлоого арналып чыгарылган 250 миң нускадагы атайын газета, ошондой эле, плакат жана баракчалар облустагы айыл, кыштактарга таратылууда. Коалициянын активисттери участкалык, округдук жана облустук шайлоо комиссиялары менен шайлоону мыйзам чегинде адилет өткөрүү үчүн биргелешип кызматташуу боюнча алдын ала макулдашууга жетишишти.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт иштерин жүргүзүү боюнча байкалган алгачкы мыйзам бузуулар туурасында учурунда билдирүүлөр тийиштүү комиссияларга жөнөтүлө баштады. Андай билдирүүлөрдөн азырынча бирөөсүнө гана облустук шайлоо комиссиясынан жооп алынган.

XS
SM
MD
LG