Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Жергиликтүү өзалдынча башкаруунун 10 жылдыгы жыйынтыкталды


БИШКЕК. Чолпоната шаарында өлкөдө жергиликтүү өзалдынча башкарууну реформалоонун 10 жылдык жыйынтыгын чыгарууга карата илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Жыйында он жыл аралыгында аткарылган иштер, аткарылуучу иш-аракеттер тууралуу маселе козголду. Жыйында айтылгандай, айыл жерлеринин социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү багытында 72 млн. сомдон ашуун өлчөмдөгү 308 долбоор ишке ашырылды. Анын 25 млн. сомдон ашууну эл аралык уюмдар тарабынан каржыланган.

Учурда өлкө аймагында 472 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу башкармалыгынын курамында 2 миңге жакын айыл-кыштак жана 24 шаарча бар.

XS
SM
MD
LG