Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Багдаттан кайткан кыздарды Римде майрамдык маанайда тосуп алышты


Иракта барымтачылар акыркы 24 саат ичинде бир канча адамды бошотушту. Алардын арасында үч апта мурун Багдаттагы жумуш ордунан уурдалып кеткен италиялык эки кыз - Симоналар да бар.

Италиянын аба мейкиндигине кечээ кечинде аларды тосуп алуу үчүн өлкөнүн премьер-министри Сильвио Берлускони да келди. Ал кийинчерээк улуттук сыналгыдан чыгып, атайын билдирүү жасады.

- Бул коркунучтуу окуя бүтүндөй өлкөбүздү, кыздардын ата-энелерин кыйнап, азапка салды. Тилекке жараша баары жакшы аяктады, - деди Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони.

Анын аралыгында, барымтага алынган франциялык эки журналист жакынкы күндөрдө бошотулушу мүмкүн деген маалымат таркады. Франциянын өкмөтү бул кабарга саксынып карай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG