Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:34

БЕСЛАН КАРГАШАСЫНА ОТУЗ КҮН


Муса Мураталиев, Москва Жума күнү Бесландагы трагедияга бир ай толду. Ошол 1-октябрь күнү да Бесланда 12 кишинин сөгү жерге берилди. Алар генетикалык текшерүүдөн өткөрүлүп, ким экени аныкталган кишилердин сөөктөрү. Орусиянын башкы прокуратурасынын түндүккавказдык башкармалыгы таркаткан маалымат боюнча, азыркы тушта курман болгондор ичинен ким экени белгисиз 27 кишинин сөөгү бар.

3-сентябрда Бесландагы №1 мектепте болгон террордук актыдан баш-аягы 342 киши курман болгон. Жарадар болгон 200дөн ашуун адам азыр ооруканада дарыланып жатышат.

1-октябрда «Азаттыктын» Москвадагы кеңсесинде Бесланга барып кайткан жакшы санаалашым Олег Кусов менен чай үстүдө кыйлага баарлаштык. Анын айтымында, Бесланда ушубакка чейин эне-аталары кооптонуп, балдарын окууга жибербейт экен. Ошол себептен улам мектептерде түзүктөп сабак баштала элек.

Бийликтен айла болбогонун көргөн бесландыктар акча чогултуп, мектептерге сакчыларды уюштура баштаптыр. Бирок мындай чара, Олегдин пикири боюнча, эне-аталардын көөнүн жоошутканы эле болбосо, камкордук боло албайт.

Олег Кусовдун өзү Бесланда туулуп, өскөн. 30 миңдей калкы бар чакан калаада кыйла кишини өңүнөн таанычу элем дейт. Олег алардын кыйласынан ажыраганын айтып олтурду. Өзүнүн урук-тууганы шаардын башка жагында жашагандыктан аман экен.

Бирок Новобатакюрт көрүстөнүнө коюлган чоң энесин эскерди. Ал 1999-жылы терордук акты болгондо жүрөгү жарылып, каза болуптур. Баса, ал жылы Владикавказдын базарында болгон терордук актыдан жүздөн ашуун киши набыт кеткен.

Бесланда быйыл болгон каргашага келсек, мектептин мурдагы деректири, 90 жаштагы Татаркан Сабанов сый конок катары салтанатка чакырылган экен. Бирок барымтада маалында ок тийип, каза тааптыр.
Ал эми 84 жаштагы, орус тили мугалими Заурбек Гутиев аман калыптыр, бирок кыйланы башынан өткөрүптүр. Ал дүйнөлүк экинчи согушка катышканын, бирок анда да мындай кордук көрбөгөнүн эскерет:

- Мен Сталинградда 200 күн согушкам. Бул жолу өзүмдүн мектебимен үч күн ичинде тарткан азаптай азапты мен ал жолу - 200 күн ичинде көргөн эмесмин.

Ушуга окшош ойду Түндүк Осетия президенти Александр Дзасохов орусиялыктар алдында сыналгыдан айтты. Осетиялыктар башынын өткөргөн бул отуз күн отуз жылдай узак болду деди ал:

- Бул отуз күн - оор отуз жылдай башыбыздан араң өттү. Биздин талап - трагедиянын биринчи күнү кандай айтылса ошол боюнча калат.

Ал жолу президент Дзасохов барымтачылардын кайдан келгенин, куралды кайдан алганын, унааны кайдан алганын билүү, ошондой эле, аларды кармап, өлкөнүн мыйзамына ылайык соттоо талабын койгон.

Олегдин сүрөттөсүндө Беслан өзгөчө ажайып калаа. Мындан ары ал ошол касиетинен айрылгандай. Шаардын ооруканасында иштеген Мадина ошол трагедия болгон №1 мектептин маңдайында жашайт экен. Ал барымтага алуу болгонго чейинки жана андан кийинки маанайды салыштырат:

- Мына ушундай жүрөктүн шүйүн алган бир башкача тунжуроо. Балдар мектепке берки короо менен ар күнү тартибинен жазбай, ары-бери өтүп турушчу. Азыр бала дегенди көрбөй калдык. Кулак кескендей жымжырттык.

Барымтага алынгандардын 400дөйү 10 жашка чыга элек балдар болушкан. Алардын бири - тестиер Аслан Табиев. Анын мүнөздөмөсүндө барымтага алгандар адамга анча окшой беришпейт:

- Алар фанатиктер да эмес. Алар куду роботтордой болушчу. Бизди барымтага алуу кимге керек болсо ошол аларды бул ишке атайылап даярдагандай. Кишиге окшобойт. Үч күн уйку дегенди көрбөй жүрүштү. Алардын уйкусу келбегенин көрүп турдук.

Барымтадан аман калгандардын бири тили жаңы чыгып келаткан Альбина болгон. Ал чоңдор арасындагы аразга түшүнө бербей, маңыроо жооп берет:

- Ок атышты. "Тынчтангыла!" деп айтты. Мен чоң энем, апам менен чогуу олтурдум. Караңгы болчу. Суу беришкен жок.

Буга дейре «Азаттыктын» Бишкектеги бюросунан кабарлангандай, кыргызстандык боордошубуз Малик Калчакеевдин дайынын билүүгө аракет кылдык. Ал Бесланда жок болуп чыкты. Анан биз Бишкек менен байланышсак Кыяс Молдокасымов мырза Малик азыр Сочиде экенин билип берди.

Москвадагы балдар ооруканасында жаткан тестиер бала Артур Музаевдин моюнунан, далысынан жакында доктурлар жарылган бомбанын сыныктарын алып таштаган. "Эми жакшы болуп калыпсың, мектепке барасыңбы?" деген суроого ал:

- Кайра дагы кол салуу болбосо гана мектепке барабыз, - деди бүтүндөй бесландык мектеп окуучуларынын атынан айтып жаткансып.

XS
SM
MD
LG