Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

АКШда «Арнамыс» партиясынын баштапкы уюму түзүлдү


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын учурда АКШнын ар кайсы штаттарында жашап, иштеген өкүлдөрү жыйын өткөрүшүп, аталган партиянын чет өлкөлөрдөгү өкүлдөрүнүн башын бириктирген баштапкы уюмду негиздешти. Анын жетекчиси болуп «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин учурда АКШда жашаган мүчөсү Урмат Советов шайланды. Бул тууралуу маалымат бүгүн Урмат Советовдун өзүнөн алынды. Анын айтымына караганда, учурда АКШнын ар кайсы шаарларында «Арнамыс» партиясынын отузга жакын мүчөсү бар.

Кошумчалай кетүүчү нерсе, мамлекет башчысы Аскар Акаев өткөн аптада АКШда иш сапары менен болуп, БУУнун 59-сессиясында сөз сүйлөп жатканда Улуттар Уюмунун имаратынын алдына «Арнамыс» партиясынын Кошмо Штаттардагы жыйырмага жакын өкүлдөрү пикетке чыгышкан.

«Арнамыс» партиясы учурда абакта жаткан саясатчы Феликс Кулов тарабынан 1999-жылы уюштурулган.

XS
SM
MD
LG