Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕГАРАСЫ: ЗАРЫККАН ЧЕЛНОКТОР


Эки айдан бери кыргыз-казак чегарасынан өтүү татаалдашып, узакка кезек күтмөй көнүмүшкө айланып баратат. Мындай жагдайдын түзүлүшүнө Казакстан аймагы аркылуу ташылып өткөрүлчү жүктөрдү текшерип, аларга бажы төлөмдөрүн толук салуу себеп болгон. Шаршембиде Кыргызстандын бажы кызматынын жетекчилери маселенин чоо-жайын баяндап, маалымат жыйынын өткөрүштү.

Бажы кызмат жетекчилеринин айтымында, башта чегарадан Кытай товарларын ташып өткөн челнокчуларга кыйла жеңилдиктер берилчү. 50 килограммга чейинки жүгү бекер, 200 килого чейинкиси жеңилдетилген шарт менен өткөрүлчү. Мындай жеңилдиктин ыраатын Кытайдан жүк ташыгандар жакшы эле көрүшчү. Алардын көбү оор жүгүн кайсы бир адамдардын атына жаздырып, чектен кыйналбай өтүшчү.

Казак өкмөтүнүн 2001-жылы кабыл алган токтому ошентип үч жылдан кийин ишке киришти. Чектен өтүп аткан товарлардын баары кылдат текшерилип, челнокчулар менен бажы кызматчыларынын ортосундагы жазылбаган эсеп-чоттуу мамиленин кылы чорт үзүлдү да калды. Чегарада чубалжыган узун кезек күтмөйлөр башталды.

Иштин чоо-жайын Каржы министрлигинин Кирешелер комитетинин алдындагы Бажы департаментинин директору Айдарбек Дүйшалиев мындайча түшүндүрөт:

- Казак Республикасы бизге мыйзамдуу талап коюп жатат. Казакстан өкмөтүнүн 2001-жылы 31-майда кабыл алынган 741-токтому бар. Ушул токтомдун негизинде алар 50 килограммдан 200 килограммга чейинки жүктү, 1000 доллардан 10 000 долларга чейинки жүктү алар жеңилдик менен өткөрүшү керек эле. Коммерциялык максатка эмес, жеке өзү колдоно турган товарларды алар бажы төлөмдөрү жок эле чегарадан өткөрүшчү. 200 килограммдан ашкан, 10 000 долардан көп товарлардын баарынан алар бардык бажы төлөмдөрүн алып атышат. Буга чейин булар муну колдонушкан эмес. Эки айдан бери колдоно башташты. Ошон үчүн биздин ортобузда проблема болуп атат. Биз алар менен сүйлөшүп атабыз. Бирок алардын талабы мыйзамдуу.

Кысталыш кырдаалдан чыгуу, «Акжол» бажы пунктунун ишин жеңилдетүү амалында Кыргызстандын бажы кызматы Канттын тушунан «Карасуу» бажы жүк өткөрмөсүн уюштурууда.

Бажы департаментинин текшерүү башкармалыгынын жетекчиси Түркмөн Боотаев Казакстандын чегарадагы катаң чаралары ириде өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоо максатында чыгып жатканын белгиледи:

- 200 килого чейинки жүктү ташып өтүү жеңилдетилген төлөм формасы аркылуу жүргүзүлчү. Эч кандай кыйынчылыгы жок эле өткөрүлчү, белгиленген акчасы төлөнчү. Эгер 200 килодон ашып кетсе жалпы тартипте бажы жүк декларациясы толтурулчу. Эгер челноктор ушул эрежени сакташса азыркыдай түртүшмөй болмок эмес. Алар сатып алган жүгүнүн канча кило экенин билишет. Жайында элдин чегарада жыйылып калышы жолдун оңдолушуна байланыштуу болду. Биздин чегарадагы көпүрө тар, аны кеңейтүү кыйын. Ошон үчүн башка ылайыктуу жер изделип жатат.

Бажы кызматынын текшерүү башкармалыгынын жетекчи орунбасары Мурат Серкебаевдин ырасташынча, Бажы биримдигине кирген беш өлкөдө чыгарылган товарларды ташып өтүүгө тоскоолдук жок. Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Белорусия кирген бажы союзунда өндүрүлгөн товарларды ташып өтүүдө эч кандай чектөөлөр коюлбайт, бажы төлөмдөрү жүргүзүлбөйт, эркин соода кылууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

- «Дордой» же челноктор проблемасы жөнүндө кеп кылганда бир нерсени эске алуу жөндүү. Мында кеп товар чыгарган үчүнчү бир өлкө тууралуу болуп жатат. Бажы союзуна кирген өлкөлөрдүн ортосундагы келишимге ылайык үчүнчү өлкөдө өндүрүлгөн товарга бажы төлөмдөрү, башка талаптар коюлат,-деп түшүндүрдү Мурат Серкебаев.

Бажы департамент жетекчилеринин маалымдашынча, чегарадан жүк ташып өтүүнүн кыйындашынын чекке жакын жерге курулган «Барыс-2» жайма базарынын ишке кириши менен эч кандай байланышы жок.

XS
SM
MD
LG