Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:47

Макулдашууга кол коюлат


БИШКЕК. 6-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинде кыргыз өкмөтү менен япон өкмөтүнүн ортосунда техникалык кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлат. Ага кыргыз тараптан тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талантбек Кушчубеков, экинчи тараптан Япониянын Кыргызстандагы элчиси Тошио Цунодзаки кол коёт.

Ал макулдашууга ылайык кыргыз адистерин Японияда окутуу, күн чыгыш өлкөсүнүн адистеринин кыргыз экономикасын иликтөө жактары каралган. Япония 1992-жылдан бери "Өнүгүүгө расмий жардам берүү" аттуу программанын алкагында Кыргызстанга 300 миллион доллар жардам көрсөткөн. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG