БИШКЕК. Энергетика тармагындагы башаламандыкты тармакты менчиктештирүү аркылуу чечүүгө болот, деп билдирди бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынында биринчи-вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев. Анын айтымында, тармактагы коммерциялык жоготууларды кыскартуу үчүн электрондук эсептегичтерди орнотуу зарыл. Ал үчүн 52 миллион доллар инвестиция керек. Ал эми мамлекетте андай каражат жок, деп белгиледи Кубанычбек Жумалиев.
Ал, ошондой эле, Эл аралык валюта кору менен түзүлгөн үч жылдык программанын энергетика тармагына байланыштуу бөлүмү аксап жатканын белгилеп, депутаттарды «Түндүкэлектр» акционердик коомун концессияга берүү демилгесин колдоого чакырды.