Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:35

ПАТРУШЕВ ТҮНДҮК КАВКАЗДА «АЛЬ-КАИДАНЫН» ИЗИ ТАБЫЛДЫ ДЕЙТ


Муса Мураталиев, Москва Москвада террорду каржылагандар менен күрөшүү боюнча эларалык конференция өтүп атат. Ал жыйындын этегинде каражатты зордук-зомбулук үчүн пайдаланып аткандар менен күрөшүүчү жаңы - Евразиялык топ уюшулат дешет. Ага мүчө болуп Орусиядан сырткары Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Украина кирет. 5-октябрда НТВ сыналгысынан чыгып сүйлөгөн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Николай Патрушев ал уюмдун максаты тууралуу кабар берди.

5-октябрда Орусиянын атайын кызматынын директору Николай Патрушев капилеттен эле НТВ сыналгысы аркылуу терорчулукка каршы күрөш кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу кең-кесири кеп курду жана өз сөзүндө «Аль-Каида» Түндүк Кавказда кыйладан бери кол салууларды уюштуруп келатканын белгиледи.

Патрушевдин кебинин маңызы - өлкө бир гана чечен жикчилдери менен эмес, эларалык террорчулар менен да күрөштү баштан кечирип ататта болду. Андай жоонун канча экени да белгиленди:

- Биздеги оперативдүү маалымат боюнча Түндүк Кавказда болжол менен алганда «Аль-Каиданын» 10 өкүлү жүрөт.

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси андан аркы кебинде аларга бөгөт коюп, колго түшүрүү, кармаша турган болсо ошол жолуккан жерде алардын катыгын берип, жок кылуу чаралары көрүлө тургандыгын айтты. Колго түшүрүлгөндөрүн «сотко берүү» боло тургандыгын белгиледи.

Патрушевдин айтканына караганда, быйыл орусиялык атайын кызматтагылар 500дөн ашуун террордук актылардын алдын алып, бетин ачышкан. Жок кылынган эларалык террорчулар да саналды:

-«Аль-Каиданын» мүчөсү Хаттаб жок кылынган. «Аль-Каиданын» мүчөсү Абу аль-Валид да жок кылынган. Кийин анын ордун Абу Хавс басты. Ушунун баары чет өлкөлүк атуулдар. Алжирдик атуул Абу Мусхабе да террорчуларды даярдап, террактарды жасоо үчүн Орусияга келген, - деди ал.

Бул күндөрү Москвада укук коргоо мекемелеринин жетекчилиги, Интерпол, акчаны зомбулук үчүн пайдаланып аткандар менен күрөшүүнүн эларалык тобу жана башка ар кыл мамлекеттик уюмдар семинар өткөрүп атышат. Анын жыйынтыгында ар башка өлкөлөр акчалар кантип пайдаланып аткандыгын иликтей турган атайын чалгындоо кызматы түзүлөрү айтылууда. Жыйында Орусиянын каржы министри Алексей Кудрин сөз сүйлөп, келаткан жылы Орусия акчаны карасанатайлык менен пайдалангандардын бетин ачуу багытында уюшулган Евразиялык топ үчүн миллион доллар бөлө тургандыгын жарыялады.

«Арам» акчалар кайда кетип атканын билип, аны террорчулардын колуна жеткирбей салсак, канча кишинин жанын сактап калса болот деди Алексей Кудрин.

Андан аркы кебинде ал Москва демилге көтөргөн Евразиядагы «арам акчаларды» чалгындоо боюнча топко кошулууга ыкласын Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Украина билдирди деди.

Анализчилердин баамында Орусия бийлигинин бул кадамы анын чечен жикчилдери менен болуп аткан согушун эларалык коомчулук алдында дүйнөлүк терорчулук менен күрөшүү кылып көргөзүүдөн улам болуп атат. Ал эми Чеченстанда жаңы шайланган президент Алу Алханов болсо 5-октябрда такка олтуруу каадасында:

-Масхадов менен сүйлөшөм деген сөз менин оозуман эч качан чыккан эмес, - деди.

XS
SM
MD
LG