Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Кыргыз техникалык университетине 50 жыл толду


БИШКЕК. 9-октябрда мамлекет башчысы Аскар Акаев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз улуттук техникалык университетинин уюшулганынын 50 жылдык мааракесине катышты. Салтанаттуу жыйында Акаев бир мезгилде өзү иштеп кеткен окуу жай тууралуу жылуу пикирин билдирип, анда иштеген профессордук-окутуучулар жамаатын куттуктады.

Ошондой эле президент аталган окуу жайдын жана Ош техникалык, Жалалабад технологиялык, Кыргыз тоо-кен металлургиялык институттарынын, Транспорт жана архитектура университетинин айрым окумуштуу окутуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Жолугушууда Аскар Акаев Исхак Раззаковдун Кыргызстандын илим, билимин өнүктүрүүдөгү ишмердүүлүгүн белгиледи.

Учурда Кыргыз улуттук техникалык университетте 9 факультет бар жана анда 57 адистик боюнча 10 миңден ашуун студенттер билим алышат. Окуу жайда 27 илимдин доктору, 125 илимдин кандидаттары эмгектенишет.

Кыргыз политехникалык институту 1954-жылы негизделген.

XS
SM
MD
LG