Австралияда дагы 9-октябрда парламенттик шайлоо өткөрүлдү жана анда премьер-министр Жон Говарддын партиясы жеңишке жеткени тууралуу жарыяланды. Эгер оппозициялык талапкер Марк Латамдын партиясы жеңгенде, Иракка жиберилген австралиялык аскерлер чакыртылып алышы мүмкүн болчу. Говарддын пикиринде, Иракка жөнөтүлгөн 900 аскер өз милдетин аткарып бүткөнчө өлкөдө калууга тийиш.